Сузакта сабалган окуучу кыз. Кылмыш иши кыскартылды

Тергөөнүн жүрүшүндө эки тарап өз ара келишип алгандыгын эске алуу менен сотко чейинки текшерүү иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

«Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу тарап эч кимге арыз-доосу жоктугун жана мугалимди кечирип, аны менен өз ара жарашып алгандыгын айтыпп тосмо арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында тергөөнүн жүрүшүндө эки тарап өз ара келишип алгандыгын эске алуу менен сотко чейинки текшерүү иши өндүрүштөн кыскартылган«, — деп айтылат маалыматта.

25-май күнү социалдык тармактарда мугалим менен окуучунун чыры тартылган видеосу коомчулукка тараган. Кийин маалым болгондой, окуя 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, мектептин 7-классынын окуучусун информатика сабагынан мугалими уруп койгондугу аныкталган. Кийинчерээк кыздын апасы тосмо арыз жазган. Мугалим өз арызы менен иштен кеткен.