Сузакта Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн жаран УКМКга жеткирилген

Сузак районунун айылдык кеңешинин мурдагы депутаты Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун лидери Салимбай Абдувалиев менен тааныштыгынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуу идеологияга каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иш-чараларынын алкагында 2-сентябрда Сузак районунун тургуну УКМКга жеткирилген. Аталган жаран менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме алынган, анткени социалдык тармактарда анын «Салим Байбача» деген ат менен таанымал, Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланган кримавторитет Салимбай Абдувалиев менен түшкөн сүрөтү активдүү таркатылган.

Жүргүзгөн түшүндүрүү иш-чараларынын жыйынтыгында ал криминалдык идеологиядан баш тартып, мамлекеттик өнүгүүнүн позитивдүү тенденцияларын жана Кыргыз Республикасынын белгиленген саясий багытын колдоону белгиледи.

Ал мурда Сузак айылдык кеңешинин депутаты болуп, 2023-жылдын декабрь айында жер тилкелери менен алдамчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилин жок кылуу максатында Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын атайылап өрттөп жибергендиги үчүн 100 миң сом айыпка жыгылган. Ошол эле учурда Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имаратын оңдоого бөлүнгөн 6 миллион сом зыяндын ордун толтуруп берген.