Сузакта сел алып кеткен 6 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Кечээ, 20-июлда Сузак районунда сел жүрүп, суу 6 жаштагы кызды агызып кеткен. ӨКМдин берген маалыматына ылайык кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

«Жеринде издөө иштеринин натыйжасында, кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган. Ал эми тартылган күчтөрдүн жардамында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулду. 21-июль күнү улантылат«,- деп айтылат маалыматта.