Сузакта сел каптады

Катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Жашасын, Жаңы-Булак айылдарында сел жүрүп, турак-үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Селдин кесепетинен Талаа-Булак жана Көк-Булак айылдарынын ички чарбалык унаа жолуна, көпүрөгө зыян келтирилген. Тактоо үчүн жерине Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.