Сузакта шахта урап, ичинде 2 адам калып калды (сүрөт)

Сузак районунун Маркай айылында жайгашкан шахта урап, 2 адам калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине саат 14:45те ӨКМден 5 куткаруучу, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Учурда куткаруучулар кырсык болгон жерде 2 жаран шахтанын ичинде калганын аныктап, куткаруу иштери жүрүп жатат. Бир жаран Тез жардам унаасы менен облустук ооруканага жиберилди.