Сузакта таштанды менен кошо 5 гектар жер өрттөндү

Сузак районундагы Сары-Булак айылынын Көк-Жаңгак таштандысынын аймагында 0,5 гектар аянтта таштанды жана 5 гектар ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Өрттү өчүрүүгө 5 куткаруучу, токой чарбасынан 1 кызматкер, Көк-Жаңгак шаардык мэриясынан 2 кызматкер тартылып, саат 14:50дө өчүрүлдү.