Сузакта унаага эшек жүктөп жаткан жарандын бири кармалды. Экинчиси качып кеткен

Жалал-Абадда унаага эшек жүктөп жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак РИИБге 40 жаштагы район тургуну телефон чалып, 6-апрель күнү саат 23:30 чамасында Кыз-Көл айыл аймагында Портер үлгүсүндөгү унаага белгисиз жарандар эшектерди жүктөгөнү тууралуу билдирген. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барып, 2 эшекти унаага салып бараткан жеринен Кара-Алма айыл аймагынын 1993-жылы туулган эки тургуну жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, бирөөсү качып кеткендиги такталган.

Бул окуя боюнча жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен Сузак РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. 7-апрелде Кара-Алма айыл аймагынын тургуну 1993-жылы туулган жаран шектүү катары Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылды. Ал эми Кара-Алма айыл аймагынын тургуну 1993-жылы туулган жарандын жүргөн жерин тактоо, издөө иштери жүрүп жатат.