Сузакта улак тартышта жаран сабалып, ооруканага түшкөн. Окуянын чоо-жайы

Сузак милициясы улактагы ызы-чууга байланыштуу 4 жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

25-январь күнү саат 14:30 чамасында Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы улак ойноочу талаада 43 жана 20 жаштагы жергиликтүү тургундарды өздөрүнө чала тааныш болгон 4 жаран улак талашып, колундагы камчылар менен уруп-сабашып денелерине жараат келтиришкен. Натыйжада 43 жаштагы жаран денесинен түрдүү жараат алып, Сузак райондук ооруканасына жаткырылган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Кыз-Көл айыл аймагынын 4 тургуну кармалып, камакка алынды.