Сузакта унаада бара жаткан адамга ок атылып, ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Сузакта унаада бара жаткан адамга ок атууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Деу-Нексия-2 үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы жаранга Хундай-Гетс үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип, бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан. Кесепетинен денесинен оор жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда опузалап талап кылуу беренеси боюнча дагы тергөө амалдары жүрүп жатат.