Сузакта үйдөн өрт чыгып, 45 жаштагы киши каза болду

Сузак районундагы Винсовхоз айылында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт эки кабаттуу барак тибиндеги үйдөн чыккан. Бир бөлмөсүндө төшөнчөлөр жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1978-жылы туулган эркек киши каза болду. Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан чыккан.