Сузакта үрөй учурган жол кырсык катталды. 14 адам жаракат алып, 2 айлык наристе чарчап калган (видео)

Социалдык тармактарда Сузактагы жол кырсыгынын видеосу тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жол кырсык боюнча Жалал-Абад облустук жол кыйымылын көзөмөлдөө башкармылыгы менен байланышканыбызда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөнүн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 19-июлда саат 12:00 чамасында катталган. Кесепетинен 14 адам ар кандай жаракат алышкан. «Жол кырсык Сузак районунун Мазар булак айылында катталган. Тойота Альфард унаасы менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кесепетинен 14 адам аркандай жаркат алып, ооруканага жеткирилген. 2 айлык наристе чарчап калды»,— деп айтылат маалыматта.