Сузактагы 9 жаштагы кызды өлтүргөн делген жаран психиатриялык ооруканага өткөрүп берилди

Сузактагы 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын өлтүрүүгө шектүү жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

22-декабрь күнү Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган жаран аныкталган. Шектүү суракка алынып, ал иш боюнча күнөөсүн мойнуна алып, иштин жагдайын көрсөткөн. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.

«Ошондуктан, 186-берененин (экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде жаранга карата 23-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.