Сузактагы 9 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү. Жактоочу шектүү күнөөнү мойнуна албаганын билдирди

Сузак районунда 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын өлүмүнө шектелген адам күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Мунарбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, ал адам күбө катары суракка алынып, бошотулган. «Кылмышты ал жасаган деген эч кандай далил жок. Ооба, психиатриялык диспансерде каттоодо турат. 2008-жылы ага «шизофрения» деген диагноз коюлган. Шектүү ага психологиялык басым жасалганын айтып, биринчи жолу күнөөнү мойнуна алган. Эми ал күнөөсүн мойнуна албай жатат. Балким, милиция бул ишти тез чечүүнү каалап, ушундай жол менен күнөөнү мойнуна илип жаткандыр. Ага физикалык кыйноо колдонулган эмес», — деди жактоочу.

Кечээ, 23-декабрда милициядан Сузак районунда 9 жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын маалымдашкан. Буга удаа эле шектүү жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылганы айтылды