Сузактагы мал базарда мушташ чыккан. 3 бир тууган сабалып, 6 кишиге издөө жарыяланды (видео)

Сузактын мал базарында болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон жарандар сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген. Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча 4-февралда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген.

Милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын аты-жөнү такталган. Бирок алар жүргөн жерлерин жашырып, кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишине шектүүлөрдү табууга милиция коомчулуктан жардам сурайт. Кылмышка шектүүлөрдүн баары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Чолок-Терек айылынын тургундары. Алар:

  1. Сариков Абдыкалык Абдулхакимович – 1984-жылы туулган;
  2. Сариков Ысабек Сатимкулович – 1985-жылы туулган;
  3. Сариков Батирбек Сатимкулович – 1989-жылы туулган;
  4. Ахматов Аскарбек Ахматович – 1990-жылы туулган;
  5. Сатимкул уулу Абдималик – 1994-жылы туулган;
  6. Алмаз уулу Марат – 1995-жылы туулган.

Эгерде жогорудагы жарандардын кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар болсо төмөндөгү номурларга кабарлап коюуңуздар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет: 102, (03748) 5 02 09, (0558) 16 16 91.