Сузактагы мал базарда сабалган 3 бир тууган. Издөө жарыяланган 6 шектүүнүн төртөө кармалды

14-февралда Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, Сузактын мал базарында болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланганын билдиришкен.

Бүгүн, 27-февралда облустук милиция маалымат таратып, издөөдө жүргөн 1995, 1984, 1989 жана 1990-жылы туулган шектүүлөр кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.