Сузактагы ок атууга байланыштуу дагы 2 жаран кармалды

Сузактагы ок атууга байланыштуу дагы 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

30-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Деу-Нексия-2 үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы жаранга Хундай-Гетс үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан. Жигит денесинен оор жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган. Аталган факты 30-август күнү Сузак РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургундары 1999 жана 2000-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин бул окуяга байланыштуу Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган жаран кармалган болчу. Анын башка коргоо чарасы бүгүн Сузак райондук сотунда каралууда. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.