Сузактагы өткөрүү пунктунда чыккан массалык мушташ боюнча УКМК маалымат берди

Улуттар аралык жаңжалды жаратуучуларды кармоодо активдүү каршылык көрсөтүшкөндөр боюнча УКМК маалымат берди.

Маалыматка караганда, 23-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу «Бек-Абад» текшерип өткөрүү пунктунун жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдар тобунун ортосунда массалык мушташ болгон. Ошол эле учурда конфликтте улуттар аралык мүнөздөгү белгилер болгон. Окуя болгон жерге УКМКнын кызматкерлери келип видеого тартып алышкан, бирок жаңжалдын айрым катышуучулары агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркутуп-үркүтүшкөн.

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө жана аны уюштуруучулардын кылмыштуу аракеттерин документтештирүү максатында алардын тергөө органына келишин камсыз кылуу чаралары көрүлгөн.

Бирок 1971-жылы туулган жаран тергөө органына келүүдөн баш тарткан. Кийинки күнү, 24-октябрда жаранды алып келүү учурунда, анын үй-бүлө мүчөлөрү активдүү каршылык көрсөтүшүп, УКМКнын кызматкерлеринин денесине залал келтиришип, шектүүнү алып кетүүгө аракет кылышып, кызматтык унааларга таш ыргытышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси “бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү” боюнча 2 жаран УКМКнын Жалал-Абад башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.