Сузактагы үрөй учурган окуя: Эки бир тууган бир чатырдын ичинде көз жумду

Сузакта эки бир туугандын жансыз денеси жайлоодогу чатырдан табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 29-октябрда болгон. 46 жана 48 жаштагы бир туугандар Курманбек айыл аймагынын тургундары болгон. Алар Кара-Алма айыл аймагынын Чоң-Таш жайлоосуна барышкан. Алар чатырдын ичине от жагып, уктап калып, иске ууланып, көз жумушкан.

Жакындары эч кимге арыз, доосу жок экенин айтышып, арыз жазуудан баш тартышкан. Ал эми жергиликтүү ЖМКлар алардын жаңгак чогултуу үчүн баргандарын, эртеси алардын жансыз денелерин жаңгак чогултуп жүргөн адамдар тапканын жазып чыгышты.