Свердлов райондук билим берүү борборунун бухгалтери кармалды

Свердлов районунун билим берүү борборундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Свердлов райондук билим берүү борборунун бухгалтери тарабынан уюштурулган бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алуу жана коротуу боюнча коррупциялык схема аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган жаран райондук билим берүү борборунун кызматкерлери менен келишимге келип алып, алар менен биргеликте райондук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган тендерлерден утуп алган подряддык уюмдардын аффилирленген жактарынын эсебине акча которуу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды алгандыгы аныкталды.

Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында 2014-жылдан азыркы учурга чейинки аралыкта 8 миллион 637 миң 400 сом зыян келтирилгени аныкталган. 15-августта шектүү Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Анын ичинде башка райондук билим берүү борборлорунда да ушундай фактылардын жана схемалардын бар экендиги текшерилүүдө.