Бишкектеги Сыдыгалиев көчөсүндөгү контейнерден өрт чыкты

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеге кырсык тууралуу маалымат саат 10:47де түшүп, шаардык өрт каршы-куткаруу бөлүктөрдөн жалынды өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган.

Өрт чектөөгө 11:25те алынып, учурда тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.

Бирок ӨКМ азырынча эмне контейнер күйгөндүгү тууралуу маалымат бере элек.