Сүйлөшкөн кызын мыкаачылык менен өлтүрүп көмүп койгон ОшМУнун студенти 15 жылга эркинен ажыратылды

Апрель айында киши колдуу болуп жерге көмүлгөн студент кыздын өлүмүнө шектелген ОшМУнун студенти 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан маалымдашты.

«Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 28-июлундагы өкүмүнүн негизинде Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин 2-б. 2,7-пункттары менен Н.А. күнөөлүү деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылды.
Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленип, бөгөт коюу чарасы мурункудай камакта калтырылды.
Өкүмгө нааразы тарап Ош облустук сотуна аппелляциялык даттанууга укуктуу», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле маркум кыз кош бойлуу болгондугу айтылды.

Эске салсак, 2022-жылдын апрель айында Ошто дайынсыз болуп жаткан 4-курстун студентинин жансыз денеси табылып, ал сүйлөшкөн жигити, ОшМУнун студенти болгон Н.А. тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүп үйүнүн жанына көмүлгөнү маалым болгон.