Сүлүктү шаарында жардыруучу заттарды сактап жүргөн 61 жаштагы жаран кармалды (фото)

Мурда сот жообуна тартылган Сүлүктү шаарынын тургуну жардыруучу заттарды сактап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден маалымдашты.
 — Сүлүктүнүн тургунунун мыйзамсыз жардыруучу заттарды сактап жүргөндүгү боюнча маалыматтын негизинде 27-июль күнү мурда сот жообуна тартылган 61 жаштагы жаран кармалды.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жалпысынан 30 даана 6 килограмм 310 грамм салмактагы “тратил” жарылуучу заттары, 53 даана салмагы 990 грамм болгон капсулалары (детонаторлор) кытай өндүрүшүндөгү капка салып, жашырып койгон жеринен аныкталып алынды.
Азыркы учурда жардыруучу заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын жагдайлары иликтенип, тергөө иштери жүрүүдө.