Сүлүктү ШИИБи мамлекетке 3 миллион 141 миң сом зыян келтирген

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Сүлүктү ШИИБдин каржы бөлүмүнүн башчысы 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан сырткары негизсиз 2 миллион 482 миң 586 сомду жана ШИИБдин башка кызматкерлерине 138 миң 77 сомду которуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мындан сырткары, жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөп берилип, мамлекетке келтирилген зыяндык жалпы суммасы 3 миллион 141 миң сомду түзгөн. Бул фактылар боюнча Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.