Сүлүктүдө 14 жаштагы кыздын зордукталганы айтылды. Шектүү катары 31 жаштагы киши кармалды

Сүлүктү шаарында 14 жашар кыз зордукталып, ага шектүү катары 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришти.

14-январь күнү Сүлүктү шаарынын 41 жаштагы тургуну анын 14 жаштагы кызын Сүлүктү шаарынын тургуну 14-январга караган түнү зордуктаганын билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул факты Сүлүктү ШИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кылмышка шектүү катары Сүлүктү шаарынын 31 жаштагы жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.