Сүлүктүдө жана Лейлекте сел жүрдү

Кечээ, 5-майда алдын ала маалымат боюнча саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Раззаков көчөсүндө сел сайга салынган ички чарбалык көпүрөдөн сел суулары ашып, каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине маалыматты тактоо максатында ӨКМдин Сүлүктү шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Сүлүктү шаарынын мэри жөнөп кетти. Ошондой эле ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ жана 6 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары облустун Лейлек районунда алдын ала маалымат боюнча, Сумбула айыл аймагында саат 18:50 чамасында жааган жаандын кесепетинен Андарак айылы менен Көк-Таш айылын байланыштырган сел сай аркылуу өтүүчү ички чарбалык унаа жолдон сел жүрүп, өтүүгө кыйынчылык жаралган. Жерине №13 Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган.

Баткен облусунун Раззаков шаарындагы Чимген айылында жайгашкан Шор-Булак сайында да нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Бактыга жараша сел суусу сай аркылуу өтүп, жарандарга жана мал жандыктарына зыян келтирген жок. Жеринен Чымген айылынын тургуну Бабараим Масалиев маалымат берди. Шор-Булак сел өтүүчү сайында 2018-жылы ӨКМ тарабынан сайдын оң жээгине коргоочу дамба, ал эми 2021-жылы тосмо курулган.