Сүлүктүдө кыз узатуу тоюнан кийин 32 тургун ооруканага кайрылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 32 адам тамак-аштан массалык ууланды.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти массалык уулануу 9-майда катталганын билдирди. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн Сүлүктү шаарындагы адистери эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө 8-майда “Рахат” кафесинде 180 адамдын катышуусунда “Кыз узатуу” той өткөнү белгилүү болду.

9-майдан бүгүнкү күнгө чейин тамак-аштан уулануунун белгилери менен жалпысынан 32 адам медициналык жардам сурап кайрылышкан, анын ичинен 11 адам Сүлүктү шаарындагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда, 21 адам амбулатордук дарыланууда. Жабырлануучулардын абалы орточо оор, аларга тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, 8-майда иш-чарада конокторго ысык тамак (эт кошулган палоо), салаттын 4 түрү, колго жасалган булочка жана каймак кошулган кондитердик азыктар, мөмө-жемиш жана суусундуктар, чай, ширелер берилгени маалым болгон. Кафенин өзүндө ысык тамак (эт кошулган палоо) жасалып, салаттар уюштуруучулар тарабынан үйдөн алып келинген.

Текшерүү учурунда тамак-аштын калдыктары табылган эмес. Кожоюндун айтымында, кафе алдын ала буйрутма менен белгиленген күндөрдө гана иштейт. Лабораториялык изилдөөлөр үчүн ичүүчү суунун үлгүлөрү алынган. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн адистери кафенин ээсине 15 миң сом айып салган.