Сүлүктүдө унааны айдап качкан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
21-январь күнү саат 19:00 чамасында Лейлек районунун Раззаков шаарынын үйлөрүнүн биринде токтоп турган Мерседец-Бенц 210 үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар уурдап, качып кетти деген маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Баткен облусунун аймагында «Курчоо» иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Сүлүктү шаардык жол тескөөчүлөрү тарабынан, Сүлүктү шаарында Мерседец-Бенц 210 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, 2007-жылы туулган өспүрүм кармалып, Сүлүктү ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.