Сүлүктүдө шахта урап түшүп, анын астында бир киши калып калды

Сүлүктү шаарында кечээ, 22-декабрь күнү “Ашымбай” шахтасы урап түшүп, 1 эркек киши калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Учурда анын аты-жөнү такталууда. Кырсык болгон жерге куткаруучулар, “Тез жардам” кызматы, милиция кызматкерлери жана шахтанын жумушчулары тартылган. Шахтёрду издөө иштери уланууда.