Сүлүктүдөгү шахтадан өрт чыкты

Баткен облусундагы Сүлүктү шахтасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык ӨКМге кечээ, 20-февралда ЖЧК “БИО” шахтасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Жерине саат 15:16да 6 куткаруучу чыгып кетишкен. Куткаруучулар шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришти”,- деп айтылат маалыматта.