Сүрөткө түшүп жатып… Жалал-Абадда сууга аккан жарандын сөөгү табылды

10-июнь күнү Бишкек-Ош автоунаа жолуна жакын жайгашкан Итагар жайлоосуна 3-4 үй-бүлө эс алууга келишкен. Суу боюнда сүрөткө түшүп жатып, таштын үстүнөн сыйгаланып жыгылып, Итагар суусунан 40 жаштагы жаран сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жерине Токтогул району боюнча ӨКБнын №97 ӨККБдан 5 куткаруучу тартылып, Итагар суусунун жээгинде болжол менен 10 чакырымдай аралыкта издөө иштери жүргүзүшүп, кеч кирип кеткендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган. Бүгүн, 11-июнда кайрадан издөө иштери куткаруучулар тарабынан улантылып, саат 09:30да аталган жарандын сөөгүн таап, РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришти.