«Сүрөтүңдү интернетке чыгарам». Баткенде опуза кылууга шектелип аял кармалды

Раззаков шаарында опузалап акча талап кылып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Лейлек районунун Раззаков шаарында 20 жаштагы тургун (аял киши) Ак-Суу айылынын 53 жаштагы тургунун коркутуп “сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберем, аны бардык элдер көрөт, үй-бүлөң көрөт” деп опуза кылып, жабырануучудан 10 миң сом акча алып, арадан эки күн өткөндөн кийин 15 миң сом акча талап кылып, акчаны алып жаткан жеринен Лейлек РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөр тарабынан кармалды. Бул факты Лейлек РИИБдин Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Кармалган жаран азыркы күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.