УКМК Бишкектеги жашыруун сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
15-августта УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бишкек шаарындагы Осмонкул көчөсүндө жайгашкан «Восток» конок үйүндө мыйзамсыз иш-аракеттердин жүрүп жаткандыгы аныкталып, бөгөт коюлду.
Бул жерде мейманкананын атын жамынып алып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызматтар көрсөтүлүп келген. Мыйзамда уруксат берилген кызмат көрсөтүү тармагын жамынып алганына байланыштуу, аталган даректеги кылмыштуу ишмердүүлүк укук коргоо органдарынын көңүл чордонунан алыс болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, өтө начар шарттагы антисанитардык абал, негизги санитардык нормалардын жана гигиеналык тазалыктын сакталбагандыгы аныкталган. Кээ бир коноктордун жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн психотроптук заттарды колдонгондугу боюнча маалыматтар алынган. Учурда бул фактылар тыкыр текшерилүүдө. Иш-чаранын жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөткөн 6 кыз милицияга жеткирилген. Мындан тышкары, мекеменин администраторлору аныкталып, аларга карата тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ал эми 16-август күнү интимдик кызмат көрсөтүү үчүн системалуу түрдө шарттарды түзүп, бул иш-аракетинен киреше алып келген жаран кармалган. Ошондой эле, «Восток» конок үйүнүн ээсинин жоопкерчилиги каралууда.