«Сүзүп, дөңгөлөгү менен жатып калган кишинин башын тепсеп өткөн». Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Аламүдүн районунда жөө жүргүнчүнү сүзгөн окуя боюнча шектүү кармалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

6-декабрь күнү саат 23:29 чамаларында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Кара-Жыгач айылындагы көчөлөрдүн биринде жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышкан.

Териштирүү учурунда 1971-жылы туулган жаран ичимдик ичип алып, TOYOTA KLUGER үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Жыгач айылындагы көчөлөрдүн биринен батыштан чыгышты көздөй баратып, 1965-жылы туулган жаранды сүзгөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө, унаанын айдоочусу окуя болгондон кийин унаасы менен артка кайрылып, жерде жаткан жабырлануучунун баш тарабын тепселеп өткөн. Жыйынтыгында жабырлануучу каза болгону маалым болгон. Бул факты Жазык кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмышка шектүү кармалып, камакка алынды.