Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну тааныш келинди опузалап коркутуп, андан 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган шектүү жигит 2020-жылдын октябрь айынын аягында өзүнүн таанышы, 1995-жылы туулган келин менен өз ара араздашып кеткен. Кийин аны “акыркы жолу бир жолугалы” деп алдап чакырып, бычак такап коркутуу менен Ош шаарындагы мейманкалардын бирине алып келип, чечиндирип, өзүнүн мобилдик телефонуна жылаӊач тартып алган. Андан соӊ “эми мага жакын арада 50 миӊ сом акча таап бересиӊ, болбосо, бул сүрөттү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке жарыялайм” деп опузалай баштаган. Айласы куруган ал келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Учурда аталган факты боюнча шектүүгө карата сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат. Шектүүнүн баш коргоо чарасы 5-мартта Ош шаардык сотунда каралат.












