Тааныш кызына iPhone алдырып, акчасын төлөбөй качкан шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Жабыркаган кыздын айтымында, 2023-жылы сентябрь айында ал таанышына бөлүп төлөөгө 180 миң сомго iPhone 14ProMax алып берген. Жаран ай сайын акчасын өзү төлөрүн айткан, бирок телефонду алган соң, алдап кеткен.

Кыз 6-сентябрда милицияга кайрылган. Кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынган.

Кимде-ким дал ушул жарандан зыян тартса, 0 (553) 08-75-57, 0 (702) 54-66-65 ушул номурларга чалсаңар болот.