Таанышуудан баш тарткан кызга кол салган киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте кызга кол салган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда кыз 28-майга караган түнү аны эркек киши сабаганын билдирген. Анын айтымында, ал 12-кичирайондогу банкоматтан акча алайын деп жаткан учурда кайрылып, таанышкысы келген. Бирок кыз андан баш тарткан соң эркек аны бетке чаап, акчаны берүүнү талап кылган. Кол салган адамды өз убагында келген таксист алып кеткен.

Кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.