«Таанышына 20 миң доллар жана 100 миң сом берип, таппай калган». Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бүгүн, 18-сентябрда Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, 2020-жылдын май айында алданган жаран милицияга кайрылган. Жабырлануучу таанышына (эркек киши) 20,1 миң доллар жана 100 миң сом берип, ошол бойдон ал таанышын таппай калган.

Алдамчылык фактысы боюнча ыкчам иштерди жүргүзгөн милиция кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган жаран шектелип кармалды. Ал убактылуу камакка алынып, тергөө уланып жатат.

Шектүүдөн жабыркаган жарандар милиция кызматына кайрылса болот. Байланыш номурлары: 0 701 00-61-06, 0 706 51-51-54, 0 553 08- 75-57 жана «102» кызматы.