«Таанышынын имаратын сатып жиберген». Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Москва районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Москва РИИБге жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, аны ири суммадагы акча каражатына таанышы алдап кеткенин айткан. Кесепетинен ал кыймылсыз мүлкүнөн да айрылып калганын айткан.

2019-жылдын июнь айларында арыздануучу таанышы менен ич ара келишишип, банктардын биринен насыя алуу максатында, арыздануучуга таандык болгон Москва районунда жайгашкан киши жашабаган имаратын ал жаранга сатып алуу, сатуу боюнча келишим түзүшүп, ага өткөрүшүп, алган насыяны төлөп бүтүргөн соң имаратты кайра ээсине кайтаруу боюнча макулдашуу болгон. Шектүү имаратты өзүнө өткөрүп алган соң, эки жолу ири өлчөмдө банктан насыя алып, каражаттын баарын өзүнүн керектөөсүнө иштетип, арыздануучуну алдоо жолу менен 1 миллион сомдон ашык акча каражатын банкка төлөтүп, насыя төлөнүп бүткөн соң имаратты башка бирөөгө сатып жибергенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодесинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Москва РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы алдымчылыкка шектелип, 33 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.