«Тагдырлары кадамжайлык кыздыкындай трагедиялуу». «Сезим» борбору президентке кайрылды

«Сезим» кризистик борбору президент Садыр Жапаровго кайрылып, борбор өз өндүрүшүндөгү сексуалдык кылмыштар боюнча 18 ишти да жеке көзөмөлүнө алуусун суранды.

«Урматтуу президент! Кадамжайдагы өспүрүм кыздын сексуалдык зомбулуктан курман болушуна карата пикириӊизди социалдык тармактардан окудук. Бул кылмыш ишин жеке көзөмөлүӊүзгө ала турганыӊызды билдик. Ушуга байланыштуу «Сезим» кризистик борбору өз өндүрүшүндөгү сексуалдык кылмыштар боюнча 18 ишти да жеке көзөмөлүӊүзгө алууӊузду өтүнөбүз. Бул кылмыш иштериндеги тагдырлар да кадамжайлык өспүрүм кыздыкындай эле трагедиялуу. Сексуалдык кылмышка байланышкан 18 иштин 9у өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар. Жалпы жабырлануучулардын жаш курактары 5 жаштан 78 жашка чейин.

Бул кылмыштар боюнча укук коргоо процесстери асты 10, арты 2 жылдан бери созулуп, соттон сотко өткөрүлүп, кылмышкерлер өз жазасын албай келатышат. Урматтуу Садыр Нургожоевич! Жазасыз кылмыш дагы кайталана турганы белгилүү. Ошондуктан ар бир иш боюнча адилет жаза берилиши зарыл. Аялдарды басмырлоого каршы жана зомбулукту жоюу боюнча эл аралык келишимдерге кол койгон өлкө катары Кыргызстандын дүйнө коомчулугунун алдында да, өз элибиздин алдында да кадырын кетирип жаткан бул олуттуу меселеге чечкиндүү чаралар көрүлөт деген үмүттөбүз»,- дешти алар.