Таиландда 28 жаштагы кыргыз жигит асынып алды

Таиланддагы кароосуз калган мейманканада Кыргызстандын 28 жаштагы жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары Таиланддын укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен билдирүүдө.

Каза болгон жаран Адилет Б. экендиги аныкталды. Анын асылып турган жансыз денесин 21-февралда эртең менен кароосуз калган мейманкананын 3-кабатынан табышкан.

«Мойнунда жип бар болчу, бирок башка көгала тактар болгон эмес. Полиция мушташтын белгилери жок экенин айтты»,— деп айтылат ЖМКдагы маалыматтарда.

Ошондой эле маркумдун иниси полицияга Адилет үйдөн 19-февралда кечинде чыгып кеткенин, андан кийин жакындары Адилет менен байланыша албай калгынан билдирген.

Маркумду иниси Адилетти издеп жүрүп, анын жансыз денесин кароосуз калган мейманканадан тапкан. Маркумдун иниси Адилеттин көп карызы болгонун, анын өлүмүнө ушул көйгөй себеп болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.

Андан тышкары Адилет өз өмүрүнө кол салганга чейин башка өлкөдө жашаган жубайына видео жөнөткөн.

«Видео тууралуу маалымат беришкен жок. Маркум турист экени жана Кыргызстанда төрөлгөндүгү гана айтылды»,— дешет журналисттер.