Таиландда сауна кызматкери кыргызстандык мушкерди зордуктоого айыптады

Таиландда Кыргыз жараны С.Ж. зордуктоо боюнча айыпталып жатканын Таиланддын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы жаран ММА мушкери, Пхукетте машыгат.

19 жаштагы жабырлануучунун айтымында, ал саунада иштейт. 21-августта машыгуудан кийин аларга шектүү барган. Процедураларды кабыл алып, ал сыртка чыгып кекен. Кыз бөлмөнү тазалоо үчүн кирген, бирок спортчу кайтып келип, зордуктаган. 

Жабырлануучу кыргызстандык жаран муну эч кимге айтпоо керетигин билдирген, бирок кыз дароо полицияга кайрылганын белгиледи. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.