Таиланддагы саунада кыз зордуктаган деген кыргызстандык мушкер боюнча ТИМден үн катышты

Таиландда Кыргыз жараны зордуктоо боюнча айыпталып жатканын Таиланддын маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Маалыматты ТИМден тастыкташып, учурда Таиланддын компетенттүү органдары бул кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүп жатканын билдирди. 

«Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги аталган Кыргыз жараны менен байланышта болуп, ага Таиланддагы ардактуу консулу менен биргеликте зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматтарга караганда, 28 жаштагы жаран ММА мушкери, Пхукетте машыккан. 19 жаштагы жабырлануучунун айтымында, ал саунада иштейт. 21-августта машыгуудан кийин аларга шектүү барган. Процедураларды кабыл алып, ал сыртка чыгып кекен. Кыз бөлмөнү тазалоо үчүн кирген, бирок спортчу кайтып келип, зордуктаган. 

Жабырлануучу кыргызстандык жаран муну эч кимге айтпоо керетигин билдирген, бирок кыз дароо полицияга кайрылганын белгиледи.