Тайырбек Сарпашев кайрадан тил кат менен бошотулду

Мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы каралып, кечээ, 10-январда ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты.

«Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шектелип кармалган Сарпашевдин соту 19-январга белгиленген. Буга чейин да өткөн жылдын июнь айында кармалган мурдагы биринчи вице-премьер бошотулуп, октябрь айында кайра камакка алынган болчу. Анда соттон Сарпашев аны менен түзүлгөн кызматташуу келишими боюнча милдеттерин аткарбаганын түшүндүрүшкөн.