Тажикстанда төрт кыргызстандык чек араны бузганы үчүн соттолду

Тажикстанда Кыргызстандын үч жараны чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Үч кыргызстандыктын соту 2021-жылдын 27 жана 28-июлунда болгон. Абдулбос Нуридинов менен Иброим Мурзамидинов Тажикстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 335-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча 5 жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле берене менен дагы бир кыргызстандык Хатамбек Эгембердиев 2 жылга эркинен ажыратылды. Тышкы иштер министрлиги соттолгон кыргызстандыктарды мекенине өткөрүп берүү боюнча Айбек Махмудовдун жакындары гана кайрылганын белгиледи.

«Калган соттолгондордун туугандары алардын Кыргызстанда жазасын өтөө үчүн экстрадициялоо маселесин кароо боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес», — деп айтылат маалыматта. 

2021-жылдын 10-апрелинде Жерге-Тал районунда Кыргыз Республикасынын төрт жараны: Айбек Махмудов, Абдулбос Нуридинов, Иброим Мурзамидинов, Хатамбек Эгембердиев кармалган. Алар Тажикстанга туугандарына жолугуу үчүн барышкан. Бир жумадан кийин алар Дүйшөмбүдөгү тергөө абагына которулган. Буга чейин Айбек Махмудов беш жылга соттолгон.