Тажикстандагы Жарандык согуш учурундагы «Кожо-колбашчы» 14 жылга камалды

Тажикстанда 1990-жылдардагы жарандык согуш жылдарында «талаа колбашчысы» болуп бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган Хожо Каримов (Хӯҷа Каримов) 14 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка камалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 61 жаштагы Каримовго адам өлтүрүү, талап-тоноо, кишилерди барымтага алуу кинелери коюлуп, айыптуу деп табылган.

Хожо Каримов 1992-1997-жылдардагы жарандык согушка чейин Тажикстандагы медициналык институтта окуп, фельдшер болуп иштеген. Жаңжал башталганда ал өкмөттүк күчтөрдү колдогон Элдик майдандын катарында Бириккен тажик оппозициясына каршы согушкан. Анын «Кожо-колбашчы» («Хӯҷа-командир») деген ылакап аты болгон.