Тажикстандан баңги ташып, саткан 2 шектүү кармалды

Баңгизаттарды аткезчилик жолу менен ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин башка кызматтары менен жана Юстиция министирлигине караштуу ЖАК кызматкерлери менен биргеликте, Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу менен «гашиш» баңгизатын ташуу жана андан ары сатуу максатында алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги тобунун кылмыштуу иштерине бөгөт койду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн өздүгү такталды. Алардын 1980 жана 1976-жылы туулган жарандар экендиги такталды. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү жалпы салмагы 19 килограмм 248 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты алынган. Кармалгандар Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.