Тажикстандан Баткенге аткезчилик жолу менен спирт ташыган шектүү кармалды

Баткенде аткезчилик жолу менен спирт ташыган Лейлек районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Лейлек районунун тургуну 27 жаштагы жаран эч кандай документи жок мыйзамсыз спиртти Тажикстандан алып келип, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөрүп, Баткен шаарынын аймагында өзүнүн унаасында 1 тонна 150 литр спирт жүктөп бара жаткан жеринен кармалды.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин (спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) негизинде сотко чейин өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын корутундусунда 95 пайыз этил спирти экендиги аныкталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.