Тажикстандан Кыргызстанга 4 тонна жүзүмдү мыйзамсыз киргизгендер кармалды (видео)

Баткен облусунда Тажикстандан мыйзамсыз алып келинген 4 тонна жүзүм кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалымат боюнча, 13-июлга караган түнү элдик күзөтчүлөр Баткен районунун Ак-Татыр айылында жүк ташуучу кичи автобустардын бирин токтотушкан. Анда болжол менен 4 тонна жүзүм болгон. Жүзүм Тажикстанда жүктөлүп, Лейлек району аркылуу өткөн. Унаалар кармалгандан кийин окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барышкан.

УКМК Кылмыш-жаза кодексине ылайык, аткезчилик кылмыш иш болуп саналарын эскертет. Ага катышкан адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Азыркы учурда Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасы убактылуу жабык жана товарларды, жарандарды, транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган. Мыйзамга ылайык чара көрүү максатында Бажы кызматына өткөрүп берилди.