Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өткөн баңги заттын ири партиясы. «Лексуста» бара жаткан 3 милиция кызматкери кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга баңги заттын ири партиясы алып өтүшкөн. «Лексуста» бара жаткан 3 милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Кечээ, 3-апрель күнү ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү кайрылган. Ал Ош жана Баткен облусунун тургундары ири өлчөмдө баңги каражаттарын аткезчилик жолу менен Тажикстандан Баткен облусунун аймагы аркылуу мыйзамсыз алып өтүп, Кадамжай районунун аймагына сатуу үчүн сатып алуучу адам издеп жүргөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөндүгүн билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза коднексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүн 3-пункту менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 4-апрелге караган түнү саат 03:20 чамасында 1988-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Лексус-330 үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Автоунаада 3 милиция кызматкери болгондугу аныкталды. Тинтүү жүргүзүлүп, автоунаанын багажынын дөңгөлөк коюучу жайында жалпы 30 даана сары полиэтилен баштыкка оролуп скотчтолгон заттар табылган. Табылып алынган заттын жалпы салмагы 30 килограмм 460 грамм болуп чыкты. Алынган буюм далилдерге соттук-химиялык экспертизасы дайындалып, күбөлөр суралган. Азыркы учурда кылмыш иш боюнча тиешелүү ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.