Тажикстандын чек арачылары тарабынан Кыргыз жараны кармалды

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган адам Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматов. «Алдын ала маалыматтар боюнча, Акматов Кыргызстандын аймагында дары чөптөрдү чогулткан. Ал Үч-Дөбө айылын көздөй бара жатканда, Тажикстандын күч органдары транзиттик жолдон кармап кетишкен. Акматовго Тажикстан Республикасынын жарандарына чөп сатууга барган деп айып тагылган. Кармоо учурунда ал 100 килограмм бийик тоолуу феруланы көтөрүп жүргөн», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Кызмат азыр тажик тараптын кыргыз жаранын кармоо фактысы боюнча облустук ички иштер башкармалыктарынын башчыларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

«Жакын арада Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын жаранынын мекенине кайтаруу боюнча жолугушуу өткөрүлөт. Тажик тарап Кубанычбек Акматов Дүйшөмбү шаарындагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында экенин кабарлады», — деп айтылат маалыматта.